Колледждин миссиясы
Биздин багыттарыбыз, баалуулуктарыбыз жана иш принциптерибиз
Колледждин миссиясы — санариптештирүү жана глобалдашуу доорунда мотивацияланган, жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү техникалык кадрларды даярдоо.
Көз карашы: колледждер арасында лидерлигин сактаган, инфраструктурасын үзгүлтүксүз өнүктүргөн, заманбап стандарттарга жана эл аралык багыттарга ылайык билим берген заманбап билим берүү мекемеси.
Баалуулуктары: билим берүүнүн сапаты, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү, билим берүү кызматтарын керектөөчүлөрдүн канааттануусу, чыгармачылык жана жеке өнүгүү, үзгүлтүксүз кесиптик өркүндөө, билим алмашуу, руханий-адептик принциптер, сергек жашоо образы, этикалык ченемдер, бардык кызыкдар тараптар менен ачык-айкын өнөктөштүк жана мекеменин аброю.
Иш принциптери: сапат, системалуулук, инновациялуулук жана ыңгайлашуучулук, анын ичинде модулдуулук, демократиялаштыруу, гуманизациялоо, натыйжалуулук жана кластердик мамиле.